“Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” аталыштагы биринчи эл аралык фестиваль өтөт

Дата: 15:48, 15-08-2018.

Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында“Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” аталыштагы биринчи эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгы билдирди.

Маалыматка караганда, анда жеке эле спорттук мелдештер гана эмес, интеллектуалдардын жарышы да өтмөкчү.  Маселен оюндардын алкагында  “III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары: тарыхый мурас жана келечек” деген аталыштагы илимий форумдун өтүүсү да пландалган.

Ал эми III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарындагы быйылкы өзгөчөлүктөрдүн бири катары  “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” аталыштагы биринчи эл аралык фестиваль өтмөкчү. Иш-чараны,  Бүткүл дүйнөлүк кулинарлардын Ассоциациясы WORLDCHEFS (World Association of Chefs’ Societies) жана Бүткүл дүйнөлүк Ислам мамлекеттеринин кулинарларынын Ассоциациясы (World Islamic Culinar’s Society) менен биргеликте “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” коомдук фонду уюштурууда.

Буга байланыштуу уюштуруучу катары “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” коомдук фонду жана Кыргызстан ашпозчулары Ассоциациясы, ошондой эле  “T-Bone” ишканасы, бардык биздин ашпозчуларды бул уникалдуу долбоорго катышууга чакырат.

Фестиваль 2018-жылдын 3-6 сентябрь күндөр аралыгында Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында өтөт.

Фестивалдын максаты – чет элдик жана жергиликтүү меймандарга көчмөн элдердин  ашканасын көргөзүү,  ата-бабалардын байыркы турмушундагы кызыктуу учурлар менен тааныштыруу. Ошондой эле фестиваль аркылуу көчмөндөрдүн маданияты деген түшүнүктү кеңейтүү менен, көчмөн элдердин жашоо образын элге түшүндүрөт.

“Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” фестивалы – бул көчмөн элдердин мыкты ашпозчуларынын таймашы. Алар көчмөн, ар улуттун тамак-аш, дүйүм-даамдарын ылдам жана эң даамдуу кылып даярдоо ыкмасы боюнча жарышат.


Поделиться новостью: