Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы түштү
Дата: 08:26, 18-10-2018.
Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ – Бейшемби күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы түштү.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 80,05 (-1,36) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 69,75 (-2,17) доллардан сатылган.