Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы түштү
Дата: 08:30, 16-08-2018.
Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Бейшемби күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы түштү.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 70,76 (-1,7) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 65,01 (-2,03) доллардан сатылган.