Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы өстү
Дата: 09:03, 19-09-2018.
Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Шаршемби күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы өстү.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 79,03 (+0,98)долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 69,85 (+0,94) доллардан сатылган.