Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы өстү
Дата: 08:20, 17-10-2018.
Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Шаршемби күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы өстү.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 81,41 (+0,63) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 71,92 (+0,14) доллардан сатылган.