Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы өстү
Дата: 08:17, 17-08-2018.
Бишкек. 17 - август. КирТАГ – Жума күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы өстү.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 71,43 (+0,67) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 65,46 (+0,45) доллардан сатылган.