Өспүрүм баланы мыйзамсыз алып кетип жаткан жаран кармалды
Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Кыргызстандын чегарачылары башка бирөөнүн документи менен ишеним каттын негизинде өспүрүм баланы алып чыгып кетип жаткан жаранды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан кабарлашты.
«Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү бекетинде 17-май күнү башка бирөөнүн документи менен ишеним каттын негизинде өспүрүм баланы алып чыгып кетип жаткан 1999-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.А уулу кармалган», - деп айтылат маалыматта.
Текшерүү учурунда 2004-жылы туулган М.К башка документ менен чегарадан өтүп баратканы аныкталаган. Кыздын колундагы күбөлүк менен ата-энеси тууралуу маалымат да колундагы документке туура келген эмес.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.