Чүйдө өрттөн бир киши каза болду

Дата: 09:25, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Чүй облусунда өрттөн бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын маадыматына караганда, Чүй облусунун Сокулук району Шопоков шаарында вагон күйүп кеткен. Өрттөн 61 жаштагы киши каза болгон.

Окуя болгон жергет куткаруучулар келип, вагондон кишинин күйгөн денесин алып чыккан. Маркумдун сөөгү милицияга өткөрүлүп берилген.


Өрттүн эмнеден келип чыккандыгы такталууда.

Поделиться новостью: