Чүйдө эки кыз жоголду
Бишкек. 17 - августь. КирТАГ - Альбина Метерова. Чүй облусунда эки кыз жоголду. Бул тууралуу Чүй облусттук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки өспүрүм кыз Аламүдүн районунун «Ак-Тилек» конушунан жоголгон. Мындан 12 күн мурун 15-жаштагы Бегимай Ахматалиева жана 13 жашар Аземгуль Койлубаева үйдөн чыккан бойдон кайра келген эмес.
Жоголгондорду көргөн билгендер болсо (0312) 36-35-27, (0550) 51-09-05, (0700) 20-96-66, 102 телефондоруна кабар берүүнү милиция суранат.