Чүйдө 17,6 тонна кара куурай өрттөлдү
Бишкек. 22 - июль. КирТАГ – Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери жапайы өскөн кара куурайды жок кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
15-июлдан 19-июлга чейин Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери айыл өкмөт жана жашоочулар менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды өрттөшкөн. Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Аламүдүн району боюнча 13,6 гектардагы кара куурай жок кылынды.
«Жапайы өскөн кара куурайды оруп, андан кийин өрттөштү. Жалпы 17,6 тонна кара куурай жок кылынды. Иш-чара Октябрь, Гроздь, Васильев, Ленин, Мраморное, Аламүдүн жана Лебединовка айылдарында жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Жыл сайын Чүй облусунун милиция кызматкерлери кара куурайды жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүшөт. Мындай рейддик иш-чаралар учурда Чүй облусу боюнча өтүп жатат.