МЧК бронетранспортерлор үчүн уюлдук жана чакан байланыш системасын иштеп чыкты

Дата: 14:12, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ -КРнын МЧКнын байланыш жана автоматизациялоо башкармалыгы чек ара ведомствосунун куралдануусунда турган бронетранспортерлор (БТР) үчүн уюлдук жана чакан байланыш системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу КР МЧК Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Жаңы техника БТРде орнотулган жаңы үлгүдөгү радиостанцияларды эски парктын радиостанциялары менен бириктирүүчү заманбап системаны түзөт

“Экипаждын командири шлемофондун микрофону аркылуу бронетранспортердун экипажынын мүчөлөрү менен, ошондой эле башка экипаждар, тарамдар жана башкаруу жайы менен үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүүсүнө мүмкүндүк бере ала турган байланыш системасы Кыргыз Респбликасынын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу иштелип чыкты”, - деп кабарлады КРнын МЧКнын байланыш жана автоматизациялоо башкармалыгынын башчысы полковник Максат Аламанов.

Мурда БТРдеги байланыш жүргүзүү байланыш системалары бирдей болгон экипаждын ичинде же экипаждар аркылуу гана жүргүзүлүп келген, ал учурда жаңы үлгүдөгү радиостанцияларды колдонгон башка тарамдар менен байланыш болгон эмес.

БТРдин ички байланыш түзүү системасы менен туташтырылган жаңы иштелип чыккан макулдашуу түзмөгү БТРдин экипажы куралдануусунда заманбап радиостанциялары бар башка тарамдар менен байланышуусуна мүмкүндүк берип, байланыш системасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Жаңы байланыш системасы БТР экипаждары ортосундагы жана башкы чек ара тарамдары менен маалымат алмашуунун ыкчамдуулугун, ошондой эле коюлган тапшырмаларды аткарууда КРнын МЧКнын тарамдарынын мобилдүүлүгүн жогорулатат.

Жаңы техника бир нече ирет текшерүү сыноолордон ийгиликтүү өткөн жана Ош шаарындагы КРнын МЧКнын жетекчилик курамынын жана чек ара отряддарынын колбашчылыгынын жыйынында тартууланды.

«Биз 2017-жылдын март айына чейин жаңы байланыш системасын бардык БТРлерге орнотууну көздөп жатабыз», - деп кошумчалады полковник М. Аламанов.

Поделиться новостью: