Бишкектин кээ бир райондорунда газ өчөт

Дата: 17:48, 09-08-2019.

Бишкек. 9 - август. КирТАГ – Бишкектин кээ бир райондорунда 15-16-августта газ өчүрүлөт.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-16-августта Киев, Тоголок Молдо, Токтогул жана Исанов көчөлөрүндө газ жок болот.

Газ аталган аймактардагы газ басымынын төмөндүгүнөн улам өчүрүлүп жатат.

«Газпром Кыргызстан» ыңгайсыздыктар үчүн калаа тургундарынан кечирим сурайт.

Поделиться новостью: