Бишкектин кайсы көчөлөрүнө алгачкы видеокамералар орнотулат? Тизме

Дата: 14:36, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкек шаардык мэриясы 2019-жылдын 10-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында алгачкы видеокамерлар орнотулатурган көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Тизме менен таанышып алыңыз:

—Жибек Жолу проспекти жана Жаш Гвардия бульвары ;
—Чүй проспекти жана Ю.Фучик көчөсүнүн кесилиши;
—Чүй проспекти жана Бейшеналиева көчөсүнүн кесилиши;
—Жибек Жолу проспекти жана Ю.Фучик көчөсүнүн кесилиши
—Чүй проспекти жана Жаш Гвардия бульвары;
—Бөкөнбаева жана Абдрахманова көчөлөрүнүн кесилиши;
—Жибек Жолу проспекти жана Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши;
—Чүй жана Курманжан Датка көчөсүнүн кесилиши;
—Москова жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши;
—М.Горький жана 7 –Апрель көчөлөрүнүн кесилиши;

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычын ишке ашыруу үчүн калаанын 38  көчөсүнүн кесилишине стационардык жана 52 ылдамдыкты аныктоочу аппараттарды орнотуу пландалууда. Биринчи баскыч төрт бөлүктөн турат. Биринчи баскыч 10-февралда башталат. Учурда керектүү техникалар чогултулуп жатат.




Поделиться новостью: