Бишкектеги жаңы паркка 200 дарак отургузулду

Дата: 12:01, 11-09-2019.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Бишкектин Түштүк магистралындагы жаңы паркка «Жашоо үчүн парк» аттуу жашылдандыруу долбоорунун алкагында көчөттөр тигилүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

«1-сентябрдан тарта 30 үй-бүлө жана 15 ишкана 200дөн ашык дарак тикти. Негизинен эмен, чынар, ак кайың сыяктуу дарактор отургузулду», - деп айтылат  маалыматта.

Мэрия каалаган  тургундар үй-бүлөсүнүн атынан көчөттөрдү тигип кетсе болот.

Күзгү дарак тигүү иштери 20-сентябрга чейин уланат.

Поделиться новостью: