Бишкектеги микроавтобустардын айдоочулары митиңге чыкпайт

Дата: 14:02, 11-01-2019.

Бишкек. 11 - январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Шаардык транспорт башкармалыгы киши ташыган жеке фирмалардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Альянс Бус» ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди микроавтобустардын айдоочулары митиңге чыкпайтургандыгын айтып, социалдык тармактарда тараган маалыматты төгүндөдү.

Жолугуушуда жол кирени көтөрүү тууралуу да сөз болду. Бишкектин вице-мэри Максим Ситников тарифтерди көтөрүү бир саатта чечилбей тургандыгын, тиешелүү жоболордун баары сакталышы керектигин билдирди. Маселе Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясында каралышы керек. Ошондой эле антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирдикте анализ чыгарылышы зарыл

Поделиться новостью: