Бишкектеги биринчи кар: «Тазалык» күчөтүлгөн режимде иштей баштады
Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ – «Тазалык» муниципалдык ишканасы күз-кышка даярдык көрүү боюнча керектүү чаралардын баарын көрүп, күчөтүлгөн режимде иштеп баштады.
Маалыматка караганда, 203,2 тонна кум жана 865 тонна туз алынып келинди. Учурда 4 798 тонна кум жана 909 тонна туз камдалды. Муниципалитеттин жумушчулары кышында нөөмөт менен иштейт.
Карды тазалоого 35 атайын техника тартылат.
Жарандар үчүн WhatsApp: - Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;- Абдиев Дамир Кадырмаевич (Биринчи май району) — 0550 21-73-73;- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806 телефондору иштеп жатат.
Ошондой эле муниципалитеттин 185 жана 1840 телефондору түнү-күнү иштейт. Ошондой эле 0554 182-185 телефон номерине сүрөттөрдү жөнөтсөңүз болот.