Бишкекте жаш кызды өлтүрүп кетти

Дата: 15:58, 16-10-2018.

Бишкек. 16 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкекте жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, кыздын жансыз денеси Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардан табылган.

Маркумдун өздүгү такталды. Ал 2001-жылы туулган Э.Б атуу кыз экени аныкталды. Өспүрүмдү кыйнап өлтүрүшкөн. Кыздын денеси канталап, көгөргөн издер калган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 1999-жылы туулган Т.Д атуу жигит кармалды.

Учурда соттук экспертиза жүргүзүлүүдө.

Поделиться новостью: