Бишкекте велосезондун ачылышы жекшембиде болот
Бишкек. 22 март. КирТАГ - Бишкекте велосезондун ачылышы жекшембиде болот. Бул туурасында баш калаа мериясы билдирет.
Жекшемби 24-мартта саат 11:30да Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында борбордун велосезону ачык деп жарыяланат.
Веложүрүштүн катышуучулары салт боюнча Бишкектин Туштүк дарбазасындагы Дайыр Асанов атындагы сейил бактын борбордук монументине финишке келишет.
Баардыгы болуп спорттук иш-чарага 1 миңге чукул адам – велосүйүүчүлөр жана спортсмендер катышат.
Иш-чара 2006-жылдан бери жыл сайын ишке ашырылып, сергек жашоо образын жайылтууга, масалык велоспортту өнүктүрүүгө багытталган.