Бишкекте тез жардам унаасы өрттөндү
Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ – Курманбек Турудугулов. Бишкекте тез жардам унаасы өрттөндү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү билдирди.
«Бүгүн, 31-октябрда, саат 08:15те нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, Шабдан Баатыр – Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасынын мотордук бөлүгү өрттөнүп жаткандыгы айтылган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, жалын саат 8:36да өчүрүлгөн. Өрт кырсыгынын келип чыгышына өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандык себеп болгон», - деп билдирди ӨКМдан.
Белгиленгендей, жабырлануучулар жок.