Бишкекте түнү жаңы салынып жаткан 11 кабатуу үйдөн өрт чыкты

Дата: 08:44, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкекте түнү жаңы салынып жаткан 11 кабатуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт Бишкектин Аалы Токомбаев менен Кутчубаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп бүтө эле көп кабаттуу үйдөн чыккан. Имараттагы 200  чарчы метр жыгач устундар күйүп кеткен.Өрт кечки саат 22. 17  тутанган. Жалын толугу менен 00. 46 дө өчүрүлгөн.

Учурдан келтирген чыгымдар эсептелип, өрттүн чыгуу себептери такталууда



Поделиться новостью: