Бишкекте сугаруу процедуралары жеңилдетилди

Дата: 16:36, 12-06-2019.

Бишкек. 12 - июнь. КирТАГ  – Бишкекте сугаруу процедуралары жеңилдетилди, деп билдирет мэриянын пресс-кызматы.

«Бишкекводоканал» ишканасы түнкү 00:00дөн 5:00гө чейин бактарды, чөптөрдү сугарууга макулдук берүү процедурасын оңойлоштурду.

Мындан ары, жеке менчик үйлөрдө жашагандар ишканага атайылап кайрылышпайт, убактысын коротуп кезекте турушпайт. Алар төлөмдү почта, терминал, электрондук капчык аркылуу автоматтык түрдө төлөп, автоматтык түрдө «Бишкекводоканал» ишканасынан түнкү сугатка уруксаат ала алат.

Төлөмдүн өлчөмү 1,5 сотых же 150 м2 жерге айына 148 сом 17 тыйын. Ал эми сугат маалында, май айынан тарта сентябрга чейин – 740 сом 83 тыйын.

Поделиться новостью: