Бишкекте мыйзамсыз оюн клубу табылды

Дата: 17:22, 17-05-2018.

Бишкек. 17 – май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Бишкекте мыйзамсыз иштеген оюн клубун тапты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, оюну клубу Чүй проспекти 4 «А» дарегиндеги көп кабатуу үйдө иштеп жаткан.

Тинтүү учурунда эсептик кагаздар, рулетка, покер столдору, оюн автоматы (10 даана оюн автоматы, 12 покер үчүн атайын столдор, бир рулетка, беш барабан) табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эске салсак, Кыргызстанда кумар оюндарына 2012 жылы, тотализатор жана букмекерлерге болсо 2015-жылы тыюу салынган.

Поделиться новостью: