Бишкекте эки мечет күйүп кетти

Дата: 09:35, 18-05-2018.

Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкекте түнү эки мечет күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баялинов көчөсүндө № 187 эки кабаттуу темир устундуу тыныке менен жабылган мечеттен өрт чыккан.
Мечеттин 1300 чарчы метр чатыры жана пенопласт жана изовер, аликобонт менен капталган шыбы жана ичиндеги буюмдар күйгөн.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Өрт электр зымдарынын туура эмес туташуусунан улам келип чыккандыгы айтылууда.

Поделиться новостью: