Бишкекте үч эм төрөлдү

Дата: 13:29, 21-11-2019.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ – Бишкектин №4 төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

46-жаштагы Айнура Жайнакова эки кыз, бир уул төрөгөн. Ымыркайлар 1,75 кг, 1,27 кг,  1,45 кг салмакта төрөлгөн. Дарыгелердин айтымында эне-балдардын абалы жакшы.

Белгилей кетсек, Айнура Жайнакованын дагы эки уулу бар.

Буга чейин маалым болгондой, өкмөт үч эмдердин ар бирине 50 миң сомдон сүйүнчү пул берүү боюнча токтом кабыл алган.

Эске салсак, ушул жылы кышында Бишкекте төрт эм төрөлгөн. Аларга Бишкек шаардык кеңеши 90 миң сом жардам пул жана республикалык бюджеттен 16 сом бөлүп берген.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Ошто 8 жолу үч эм төрөлгөн.

Поделиться новостью: