Бишкекте балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды

Дата: 13:51, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Бишкектеги №52 бала бакчанын имараты мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган имарат 1992-жылы Кыргыз-Гонконг авиакомпаниясы карызынан улам башка акционерлерге берилген. Аларга берилген имарат да бир канча жолу колдон колго сатылып кеткен. 2011-жылы Кытайдын Синьцзян-Уйгур облусундагы Кызыл-Суу автономдук облусунун алдындагы соода-экономикалык башкармалыгына өткөн.

Бала бакчанын имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу аныкталган. Свердлов райондук прокуратурасынын арызынын Бишкек шаарынын райондор аралык соту канаатандырган.

Аталган имарат соттун чечими менен мамлекетке кайтарылды. Мамлекеттин карамагына өткөн бала бакча 54 млн 519 миң сомго бааланууда.


Поделиться новостью: