Бишкекке өзгөчө кырдаал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди: Эмнелерди билүү керек?

Дата: 10:26, 25-03-2020.

Бишкек. 25 - март. КирТАГ – Кыргызстандын президентинин Бишкек-Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө кырдаал тууралуу буюругу бүгүн 25-март, саат 08:00дөн баштап күчүнө кирди.

Аталган район жана шаарларга коменданттык саат киргизилди.

Өзгөчө кырдаал учурунда жарандар саат 07:00дөн 20:00гө чейин дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана чыга алат. Жарандар үйдөн чыгаарда баратурган жерин көрсөтүшү керек. Жанында паспорт же өздүгүн тастыктаган документ болушу зарыл.

Медициналык кызматкерлер, күч структураларынын кызматкерлери өзгөчө кырдаалда иштөө үчүн уруксат документтерин алышы керек.

Коменданттык саат саат 20.00дөн  7.00гө чейин киргизилет. Көчөгө чыгууга тыюу салынат. Коменданттык саатта транспорт толугу менен токтотулат.

25-марттагы маалыматка караганда, Кыргызстан COVID-19 вирусун 42 адам жуктурган. Обсервацияга 2009 киши жаткырылган, 1710 жаран үй карантинине чыгарылган.

Мындан тышкары 4 киши ооруканага жаткырылып, анализи жакшы чыккан. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ошондой эле 96 кишинин анализи шектүү деп табылган. Жалпысынан 142 киши (68 эркек, 74 аял) ооруканага жаткырылган. Алардын арасында эки өспүрүм да бар. Алардын анализи жакшы чыккан.

Бүгүнкү күндө коронавирус дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүнө тарады. Планета калкынын 20% учурда карантинде отурат. Covid-19 вирусу 400 миң кишиден табылган. Жалпысынан 16 миң киши каза болгон.

Италияда болсо вирустан көз жумгандардын саны 6800 кишиден ашып кеткен.

Поделиться новостью: