Бишкек шаардык соту Дүйшөнбек Зилалиев козголгон кылмыш ишин токтотуудан баш тартты

Дата: 15:28, 10-01-2019.

Бишкек. 10 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкек шаардык соту бомба тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш ишин токтотуудан баш тартты.

Экс-чиновниктин жактоочусу Чынара Жакупбекова соттон кылмыш ишин жабууну суранган.

Анын айтымында Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы боюнча кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткен. Айыптоо атайын ойлоп табылган. Зилалиев президенттин инагурациясы күнү бомба тууралуу тамашалап койгон.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев шартуу кесилген.

Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге мыйзамсыз байыган деген да айып тагылган. Ал учурда камакта отурат. Зилилиевдин үйү тинтүүгө алынып, кымбат баалуу буюмдар, банк ячейкаларынан миллиондогон акчалар табылган. Ошондой эле декларацияда көрсөтүлбөгөн үйлөрү жана батирлери да аныкталган.




Поделиться новостью: