Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад участогунун курулушу октябрда башталат

Дата: 14:40, 15-08-2018.

Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Бишкек-Ош автожолунун  Маданият-Жалал-Абад участогу 2018-жылдын октябрында башталат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргыз Республикаснын Президенти Сооронбай Жээнбековго мамлекет башчысынын Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош автожолунун  Маданият-Жалал-Абад участогунун  курулуш долбоору менен таанышып жатканда маалымдады..

Транспорт жана жолдор министри айткандай, 2018-жылдын 11-июнунда азербайжандык «АZVIRT Limited Company» компаниясы менен кол коюлган контракттын алкагында башкы подрядчы долбоорду деталдуу иштеп чыгуу, жол курулуш техникасын жана жабдууларын мобилизациялоо иштери башталды. Ошондой эле жанаша жүргүзүлчү жумуштар дагы аткарыла баштады.

Жаңыланып салынчу жолдун жалпы узундугу 67 км. Жол курулушунан тышкары 5 көпүрө, 165 чакан жасалма курулуштар, базарлардын жанында парковкалар, тротуарлар, калктуу пункттарда аялдамалар салынат. Долбоор 2018-2022-жылдардын аралыгында ишке ашырылат.

Долбоорду Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы каржылайт.

Жалал-Абад облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн негизги максаты Бишкек-Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогунун  реабилитациялоону тездетүү болуп саналат.

Автожолдун курулушу аяктагандан кийин жол кырсыктары кыскарат, чет элдик туристтердин агымы өсөт, туризмди өнүктүрүүгө шарттар түзүлөт, калктын жашоосу жакшырып, калктуу пункттардын инфраструктурасы жакшырат.

Поделиться новостью: