Бир айлык кызын 30 000 сомго сатып жаткан жеринен анын атасы кармалды
Бишкек. 19 – июль. КирТАГ – Бир айлык кызын 30 000 сомго сатып жаткан жеринен анын атасы кармалды. Маалыматты Социалдык өнүгүү жана эмгек шаардык башкармалыгынан ырасташты.
Маалыматка караганда, 15-июль күнү Ош шаарында Өзгөн районунун 1997-жылы туулган тургуну бир айлык кызын 30 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалган.
Ош облустук төрөт үйүнүн маалыматына караганда, наристе 25-июнь күнү саат 09:30да туулган. Баланын эч кандай документи жок.
«Апасынын документи жок экен. Ооруканадан чыгарда Кызыл-Кыя шаарынан жашагандыгы тууралуу документтери жоголуп кеткени боюнча маалымкат алып келип, эжеси менен чыгып кеткен. Бир жумадан кийин да ооруканага келип, баласынын абалын текшертип кеткен», - деп билдиришкен ооруканадан.
Алдын ала маалыматтар боюнча наристенин ата-энеси жарандык никеде жашап жүргөнү айтылууда. Ош шаардык сотунан билдиргендей, кармалган жаран 17-июль күнү Ош шаардык сотунун санкциясы чыгып, 2 айга үй камагына чыгарылган.
Ал эми бала учурда Ош шаардык реабилитациялык борборго жаткырылганын Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан тастыктады.