Бейшемби күнү Кыргызстанда кар жаайт
Дата: 08:59, 21-11-2019.
Бишкек. 21-ноябрь. КирТАГ – Бейшемби күнү Кыргызстанда кар жаайт. Бул тууралуу pogoda.kg. маалымдады.
Абанын температурасы Чолпон-Атада +7°С, Караколдо +8°С, Нарында +3°С, Жалал-Абадда +8°С, Баткенде +9°С, Таласта +3°С.
Бишкекте күн булут болот. Абанын температурасы күндүзү +1°C.
Ошто күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +8°C.