Бейшемби алдыңкы биржаларда мунайдын баасы кымбаттады

Дата: 10:48, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - май. КирТАГ – Бейшемби  күнү  ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы өзгөрдү.

Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 71,77 (+0,53) долларды түзгөн.

Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 62,02 (+0,24) доллардан сатылган.

Поделиться новостью: