Белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев каза болду
Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Бишкекте кечээ түнү белгилүү эксперт, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев каза болду.
Жакындарынын айтымында анын жүрөгү кармап, жандандыруу бөлүмүндө кайтыш болгон.
Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин жетектеген. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти кызматын аркалаган.
Жумакадыр Акенеев Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор, 50дөн ашык илимий эмгектердин автору.
КирТАГдын редакциялык жамааты Жумакадыр Акенеевдин туугандарына көңүл айтат.