Бажы төлөмүсүз өлкөгө киргизилген унаалар кармалды

Дата: 12:03, 17-08-2018.

Бишкек. 17 - тавгусть. КирТАГ – Альбина Метерова. Бажы төлөмүсүз өлкөгө киргизилген унаалар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Автотранспорттук каражаттарды мыйзамсыз легалдаштыруу схемасы менен күрөөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстанга бажы төлөмүн төлөбөй (Балтика, АКШ, Грузия) алынып келинген унаалар кармалды»-деп айтылат маалыматта.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, унааларды мыйзамсыз алып кирүү менен мамлекетке 3 млн 68 миң сом зыян келтирилген.

Учурда автотранспорттук каражаттарды мыйзамсыз легалдаштыруу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться новостью: