Баткенде селдин кесепеттери менен күрөшүү улантылууда

Дата: 10:06, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Баткен облусунда катуу жаан жаап, аймакта дагы сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл-Кыя шаардык 4-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунун 5 куткаруучусу Восток-2 кичи районунда жайгашкан 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн короолоруна жана Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу 2 турак үйлөрдүн жер төлөөсүнө кирген сел сууларын тазалоо иш-чараларын жүргүзгөн.

Ошондой эле, Катран айыл аймагынын Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосун, 5 жер тилкесин суу каптап, 30 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон. Ошондой эле Ала-Көл тилкесинде 1 турак үйдүн короосун суу каптап, 200 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон. Мындан сырткары Маргун айыл аймагындагы Даргаз айылында 1 жер тилкесин, 2 мал сарайды жана Даргаз–Маргун ички чарбалык унаа жолун суу каптаган.


ӨКМдин аймактагы куткаруу кызматы селден кесепеттери менен күрөшүү иштерин улантууда.

Поделиться новостью: