Баткенде контрабандисттер кармалды
Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Баткен облусунда контрабандисттер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.
«Баткен облусунда кыргыз-тажик чегарасынан жакын Баткен районуну Карабак айылынан 10 м3 (чарчы метр) жыгачты Тажикистанга өткөрүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды», - деп айтылат маалыматта.
Ошол эле күнү аталган аймакта Тажикистандан 9 тонна контрабандалык цементти алып келген Кыргызстандын жараны кармалаган.
Кармалгандардын баарына административдик айып салынып, бажы кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
.