Баткенде чек арачы жоокердин бычактан жаракат алышы боюнча окуя иликтенип жатат

Дата: 16:15, 19-07-2019.

Бишкек. 19 - июль. КирТАГ  –  Баткен облусунда чек арачы жоокердин бычактан жаракат алышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, май айынын аягында №2052 чек ара бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер жоокер өнөрү менен машыгуу учурунда бычактан жаракат алган. Машыгууда коопсуздук чаралары бузулуп, муляждын ордуна чыныгы бычактар колдонулган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аталган иш боюнча материалдар Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться новостью: