Баткенде бир киши каналга чөгүп кетти

Дата: 14:32, 13-08-2019.

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Баткен шаарында бир киши каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кайгылуу окуя саат 19:00дө болгон. Т.Т аттуу 1976-жылда туулган жаран каналга кулап кеткен.

Куткаруу иштерине 13 куткаруучу тартылган. Кырсыктаган жарандын сөөгү саат 21:20да табылган.

Поделиться новостью: