Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки аныкталды

Дата: 11:07, 24-05-2019.

Бишкек. 24 - май. КирТАГ  –    Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып келинген Тажикстандын аксиздик маркасы бар тамеки табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны каржы полициясы менен тартип сакчылары токтотушкан. Текшерүү маалында унаадан 16 миң пачка тамеки табылган.

Айдоочунун берген маалыматы боюнча тамеки аткезчилик жолу менен ташылып келинген. Ал Бишкектин базарларында сатылмак. Товардын жалпы баасы 800 миң сомду түздү.

Поделиться новостью: