Башкы прокуратура өткөн жылы коррупцияга каршы күрөшүүдөн мамлекетке 947 млн сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтарды

Дата: 12:55, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Башкы прокуратура 2018-жылы коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн негизинде мамлекетке 947 млн. 635 миң сом өндүрүп берди.

Көрсөтүлгөн сумманын 313 млн. 784 миң сомун укук коргоо органдары акчалай түрдө, калган 633 млн. 850 миң сом натуралдык  түрдө кайтарылган.

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн 97 млн. 233 миң 235 сом өндүрүлгөн.

Ал эми прокурордук текшерүүлөрдөн 844 млн. 382 миң сом мамлекетке кайтарылган.

Маселен Талас облусунун прокуратурасы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен курулушу бүтпөгөн көп кабаттуу үйдү мамлекетке кайтарган. Көп кабатуу тамдын жалпы аянты 2306 м2 түзүп, ал эми баасы 57 млн. сомдон ашкан.

Ошондой эле башкы прокуратура 2018-жылы жалпы суммасы 112 миллион сомдон ашкан 8 объектти мамлекетке өткөрүп берген. Тактап айтканда 4 бала бакча, бир мектеп жана бир медициналык коллеж, ошондой эле 2 гектар жер мамлекетке кайтарылган.

Ошондой эле 2018-жылдын 2-октябрында Свердлов райондук прокуратурасы Мамлекеттик мүлк фондуна мурун жеке колго өтүп кеткен №52-чи бала бакчаны өткөрүп берген. Аталган бала бакча  54 млн. 519 миң сомго бааланып, мамлекеттин эсебине өткөрүлгөн.





Поделиться новостью: