Балыкчыдагы Орусиянын ФККна тиешелүү эки батир Кыргызстандын бажы кызматына өткөрүлүп берилди

Дата: 17:11, 21-05-2018.

Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Орус-кыргыз чегарачылары ортосунда кызматташтыкты бекемдөө максатында Орусия 2017-жылы Кыргызстанга кайтарымсыз үй берүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 2018-жылы 18-майда Кыргызстанда иштеген Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам иликтөө башкармалыгына Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан үч жана эки бөлмөлүү үй берүү иштери аягына чыккан.

Жалпы базар баасы 50 миң долларды түзгөн объект Кыргызстандын чегара кызматына өткөрүлүп берилди.

Поделиться новостью: