Балыкчы-Корумду жолунун курулушун аяктоо үчүн 1 млрд сом керек- транспорт министрлиги

Дата: 16:35, 15-05-2019.

Бишкек. 15 - май. КирТАГ  —  Балыкчы-Корумду жолунун курулушун аяктоо үчүн 1 млрд сом керек. Бул туурасында транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков Балыкчы-Корумду жолунун ремонту качан бүтөөрүнө кызыкты.

«Балыкчы-Корумду унаа жолунун дагы 18 километри калды, ага 1 миллиард сом керек. Ремонт республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.  Быйыл Балыкчыдагы 7 километрин жасайбыз», — дейт Б.Бердалиев.

Депутат Рыскелди Момбеков жол иштери Ысык-Көлдөгү туристтик сезондун башталышы менен туш келип калганына нааразы экенин айтты.  

Эске салсак, 104 чакырым узундуктагы Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу 2016-жылы оңдолуп баштаган.

Поделиться новостью: