Бактыбек Секимовго Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Бактыбек Секимовго Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Секимов Бактыбек Шайыкбаевичке жүктөлдү.