Бахыт Султанов Астанага аким болуп дайындалды

Дата: 14:14, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Казакстандын мурунку каржы министри Бахыт Султанов Астанага аким болуп дайындалды. Бул тууралуу КазТАГ өлкө башчынын маалымат кызматына шилтеме берүү менен маалымдады.

«Мамлекет башчынын жарлыгы менен Султанов Бахыт Турлыханович Астана калаасынын акими болуп дайындалды», - деп жазылат Акордонун Twitter баракчасында.

Б.Султанов мурун Казакстандын каржы министри болгон.


Поделиться новостью: