Бахадыр Кочкаров Кыргыз футбол союзунун Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Дата: 14:36, 13-02-2020.

Бишкек. 13 - февраль. КирТАГ – Бахадыр Кочкаров Кыргыз футбол союзунун Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитетинин отурумунда Бахадыр Кочкаров Закирович Кыргыз футбол союзунун Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бахадыр Кочкаров – белгилүү кыргыз футбол калысы, карьерасын 1997-жылы баштаган. Ал акыркы эл аралык беттешин 2019-жылдын 10-ноябрында калыстык кылган. Реферинин  ФИФА даражасындагы жардамчысы дүйнө чемпионатында 9 беттеште калыстык кылган.

Кыргыз футбол союзунун калыстар комитетинин башкы максаттары – КФСинин эгидасындагы калыстар жана инспекторлорду өнүктүрүү программасынын алкагында калыстар жана инспекторлорду өнүктүрүү, амактык калыстар уюмдарды бириктирүү, бир багытка салуу. Ар кандай даражадагы мелдештерди тейлей турган калыс жана инспекторлорду издөө, окутуу, даярдоо жана тарбиялоо. Жергиликтүү жана чет жактан алган тажрыйбаларды колдонуп, калыстардын жана инспекторлордун сапатын жакшыртуу, аймактык калыс-инспекторлорлу уюмдардын ишмердүүлүгүн багыттоо, эл аралык калыс уюмдар менен мамиле түзүү жана тыгыз иштешүү, калыс жан инспекторлордун укуктарын коргогон документтерди даярдоо.

Поделиться новостью: