Бабанов: Тынчтык жана туруктуулук үчүн Кыргызстанга келдим

Дата: 16:24, 09-08-2019.

Бишкек. 9 - август. КирТАГ –Мурунку  премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Манас» аэропортуна түшүп, кыска билдирүү таратты.

«Баарыңыздырда тынчтыкка чакырам. Туруктуулук, сабырдуулук баарын жеңет. Тынчтык туруктуулук үчүн күрөшүүшүбүз керек», - деди ал.

Ошондой Бабанов аэропортто эч ким текшербегенин, кармоого да аракет болбогонун кошумчалады. Кыска билдирүүсүнөн кийин ал үйүнө жөнөп кетти.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы болсо мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтуу ниети боюнча билдирүү таратты.

«Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтатурган болсо мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылат», - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Коопсуздук комитети Өмүрбек Бабановдун улут аралык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алуу беренеси менен кылмыш иши козголгонун эске салды

«Учурда биринчи иш боюнча тергөө жүрүп жатат», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин маалымдаган.

Поделиться новостью: