Азык-түлүккө муктаждар Бишкек мэриясына онлайн кайрылса да болот

Дата: 17:22, 07-04-2020.

Бишкек. 7 - апрель. КирТАГ – Азык-түлүккө муктаждар Бишкек мэриясынын сайтына арыз жөнөтсө болот.

Калаа мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жарандарга жардам моралдык жана материалдык жардам берүү үчүн атайын штаб түзүлгөн.

Жарандардан кайрылуулар көп болуп жаткандыктан кошумча линиялар да ачылган.

Ошондой эле мэриянын www.meria.kg сайтында «Помощь горожанам/Шаардыктарга жардам» тиркемеси да иштеп жатат. Бул тиркемеге азык-түлүккө муктаж жарандар онлайн арыз калтырса болот.

Онлайн арыз толтуруу:
- ФИА;
- паспорт ИНН;
- Телефон номери;
- Дареги;
- Кандай жардам керектиги тууралуу маалымат

Мэриянын штабы онлайн арыздарды ыкчам карап, жооп берет

Поделиться новостью: