Айт-намаз учурунда Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылат

Дата: 14:10, 17-08-2018.

Бишкек. 17 - август. КирТАГ – Бишкекте айт-намаз учурунда коомдук тартип күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Курман айт намазы учурунда коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо үчүн борбордук жана эски аянтты, калаадагы бардык мечиттерди эки миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алат.
Ошондой эле 21-августта калаанын Фрунзе көчөсү — Панфиловдон Эркиндикке чейин, Абдымомунов көчөсү — Панфиловдон Тыныстановго чейин, Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү — Чүйдөн Фрунзеге чейин убактылуу жабылат.

Шаардык милиция коюлган талаптарга түшүнүү менен мамиле жасап, шектүү буюмдарды байкагандар  болсо 102 кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Поделиться новостью: