Айсулуу Тыныбекова Испаниядагы турнирде алтын медаль тагынды

Дата: 10:19, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Испаниядагы эл аралык турнирде алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу жаштар, спорт иштери жана дене-тарбия мамлекеттик агенттиги билдирди.

Grand Prix of Spain турнири 14-15-майда Мадридде (Испания)  өттү.

А.Тыныбекова 59 кг салмакка чейинки котегория менен АКШ күрөшчүсү Алии Раганменен килемге чыкты. Төртүнчү финалда Тыныбекова орусиялык спортчу Кристиной Елоевой беттешип женишке жетти.

Кыргызстандык спортчу финалда Казакстандык спортчу Алтынай Сатылганды, дагы казак спортчусу Мадины Бакбергенованы жеңип алды.

Жыйынтыгында Тыныбекова биринчи орунду алып, алтын медаль тагынды.



Поделиться новостью: