Атамбаев адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүн барымтага алуу, мыйзамсыз курал колдонуу, башаламандык уюштуруу беренелери боюнча айыпталууда

Дата: 12:49, 13-08-2019.

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевга 7-8-август Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат жыйында билдирди.

«Бүгүн Алмазбек Атамбаевга айып тагылды. Ага карата Кылмыш кодексинин «Бийлик өкүлдөрүн коркутуу жана басмырлоо», «Тергөөчүлөрдүн, прокурордун аракеттерине каршылык көрсөтүү», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлдөрүн барымтага алуу», «Мыйзамсыз курал колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иш козголду»—деп маалымдады башкы прокурор.

Ошондой эле башкы прокурор Кой-Таштагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иши президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Өткүрбек Жамшитов Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрүнө арест коюлганын билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, 8-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны кармоого баргандарга активдүү каршылык көрсөтүшкөн. Кагылышуудан 80 киши жаракат алган. Ошондой эле атайын кызматтын өкүлү жаракат алып, бир спецназ октон каза тапкан.

Эске салсак, Атамбаев козголгон кылмыш иштин негизинде үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал тергөө баруудан баш тартып, кармоого келгендерге курал менен каршылык көрсөтөөрүн билдирген.

Поделиться новостью: