Атамбаевдин небереси шахмат боюнча турнирде алтын тагынды
Дата: 17:17, 16-08-2018.
Бишкек. 16 август. КирТАГ – Кыргызстандын экс-президентинин 10-жашар небереси Селим Атамбаев өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча турнирде алтын медаль тагынды.
Турнир 8-14 август аралыгында Абу-Даби өттү.
Селим Атамбаев 10 оюндан бешөөсүн жеңип алган. Эки жолу жеңилип, эки жолу тең чыккан. Жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген.